7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК чек ара аркылуу аткезчилик жасагандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет

531

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасы аркылуу аткезчилик аракеттерди жасагандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Алсак, 16-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы кампадан 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар түрүндөгү контрабандалык жүктү, чет мамлекеттин мамлекеттик номуру тагылган «Хьюндай Портер» унаасына жүктөөдө, 1992-жылы туулган КРнын жараны кармалган.

Ал эми 21-ноябрда Арка айылындагы Т.Касымбеков көчөсүндөгү тургундун жеке үйлөрдүн биринде «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү чет элдик мамлекеттик номурлуу автоунаа 1 миллион сомдон ашык эл керектөөчү товарлардын аткезчилик жүгү кармалган.

Жогорудагы фактылардын негизинде УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында, иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

532