7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 9 айдын ичинде 303 наристе чарчап калган

572

Бишкек шаарында тогуз айдын ичинде 16 605 ымыркай төрөлүп, бир жашка чейинки 303 наристе чарчап калган. Бул тууралуу Диляра Искакова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек берип жатып билдирди.

№9 Эне жана баланы коргоо боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова болочок эненин ден соолугуна кайдыгер мамилесинен улам балдар өлүмүнүн көрсөткүчү жогору экенин айтты.
Анын айтымында, балдардын 87,5 пайызы, мындайча айтканда, жети күнгө чейинки 265 ымыркай төрөт үйүндө чарчаган. Басымдуу бөлүгү ара төрөлгөн балдар.

“Наристелер дем алуу органдарынын оорусунан, тубаса аномалиялардан (өсүүдөгү кемчиликтер, хромосомалардын бузулушу), инфекциялык илдеттерден, жаракаттан, нерв системасынын жана тамак сиңирүү ооруларынан улам чарчап калууда. Балдардын өлүмүнүн негизги себептери бул перинаталдык учурда пайда болгон оорулар болууда. Алсак, төрөттөн кийинки мезгилде пайда болгон оорулардан 225 бала чарчап калса, тубаса аномалиялардан 63 ымыркай, инфекциялык оорудан 8 наристе, дем алуу органдарынын оорусунан бир бала жана башка себептерден улам 7 бала чарчап калган. Бул биринчи кезекте боюнда бар болочок эненин өзүнүн ден соолугуна жакшы көӊүл бурбаганынын натыйжасы. Учурунда каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүндө жүрүп, айткан маалында витамин, дарыларын ичип турса бул көрүнүштөрдү алдын алат элек.
Аял эне болууну пландап жатканда эле фолий препаратын ичип баштаса тубаса аномалиялар кескин кыскармак. Ошону менен катар 2015-жылдан бери жүрүп жаткан кызамык илдети да кош бойлуулар үчүн кооптуу. Аны менен ооруп калган келин жүрөгү ооруган, сокур балдарды төрөйт. Ара төрөлгөн балдар кан басымы жогору, каны аз, бөйрөгү ооруган энелерден туулат. Ошондой эле балдардын ортосундагы аралык үч жыл болушу зарыл. Муну эске албай жыл сайын төрөгөн энелер бул дүйнөгө оорукчан балдарды алып келип жатат”, — деди ал.

573