7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

300гө жакын объектиде мыйзам бузуулар аныкталды

696

Президент ушул жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №56 Жарлыгын аткаруунун алкагында жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан 2023-жылдын 15-декабрына чейин республика боюнча жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында 282 объектиде кемчиликтер жана бузуулар аныкталган. Алардын ичинен мыйзам бузган айыпкерлерге жалпысынан 163 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ал эми прокуратура жана сот органдарына 6 материал, ички иштер башкармалыктарына 78 материал өткөрүлүп берилди.

Андан сырткары, шаар мэрияларына жана мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыктарына өткөрүлгөн материалдардын саны 34 тү түзсө, буздурулуп жана алдырылган 86 объекти болду. Ошондой эле 78 объект боюнча баштапкы калыбына келтирүү боюнча жарандарга эскертмелер берилди.

697