7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15,6 миң кг йогурт аныкталды

568

Кыргызстанга Россиядан 15 миң 681 кг йогурт азыктарын мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Мыйзамсыз ташып келүү Ветеринардык кызматтын «Ак-Тилек» чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.

Тактап айтканда, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.

569