7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз бала кызамыктан каза болду

470

22 миң адам эмдөөдөн өтпөй коюп, тогуз бала кызамыктан көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында ата-энелердин эмдөөдөн баш тартышы чоң көйгөй болууда.

«Көптөгөн ата-энелер өзүлөрү да эмдөөдөн өтпөй жатышат. Ошол эле сасык тумоо, коронавирус, кызамык, гепатит боюнча. Азыр биз Муфтият менен да иштеп жатабыз, элге да жеткирип жатабыз. 22 миң адам эмдөөдөн өтпөй коюп, 9 бала кызамыктан каза болду. Ал боюнча да биз иштеп жатабыз»,- деди министр.

Өзү кошумча эмдөөдөн өткөнүн айтып, аны менен катар депутаттарды дагы вакцина алып элге үлгү болууга чакырды.

471