7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

13 адам жабыркаган. Канттагы кырсык беш адамдын өмүрүн алды

662

Кант шаарынын тушундагы айланма жолдо болгон кырсыктан 5 адам көз жумду. Бул тууралуу 7-каналга Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тастыктады.

«Төрт адам ооруканага жаткырылды. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. Үчөөнүн абалы орточо оор. Калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү»,- деп берилет билдирүүдө.

Ысык-Ата районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунун маалыматына караганда, төрт адам кырсык болгон жерде мүрт кеткен, бешинчиси ооруканадан каза болгон. Андан тышкары, кырсыктан 13 адам жабыркаган.

Эске салсак, бүгүн, 26-январда, айланма жолдо Honda Odysseу жана Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

663