7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Студенттердин бейтапканасында мамлекеттик дарыкана ачылды

420

Бүгүн, 12-февралда студенттер үчүн шаардык дарылоо-профилактикалык бейтапканасында дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Дарыкананын ачылыш аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул 66-мамлекеттик дарыкана, жакынкы күндөрү Ош шаарында жана Сузак районунда дагы үч дарыкана ачуу пландалууда жана жыл аягына чейин ушул темп менен жалпы дарыканалардын санын 100гө жеткирүүнү пландап жатабыз. Дарыканаларда дары-дармек каражаттарынын ассортименти 1500 фирмалык аталышты түзөт. Жеткиликтүү баа, түрдүү ассортимент жана мындай дарыканалардын кеңири жайылтылышынын аркасында жарандар өздөрүн керектүү дары-дармектер менен оңой камсыздай алышат, бул өз кезегинде медициналык жардамдын сапатын жана өлкөдө ден соолуктун жалпы деңгээлин жогорулатуу», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

 

421