7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте пара талап кылган сот аткаруучу кармалды

509

Бишкекте пара талап кылууга шектелип сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Милицияга шаардын жашоочусу кайрылган. Анда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучусу чет өлкөлүк паспортту жасатууга арналган документтерди тапшыруу үчүн акча каражатын талап кылгандыгын билдирген.

2023-жылдын жайында сот аткаруучу жабырлануучу аялдан (ID-карт) паспорт алууда маселени оң жагынан чечүү үчүн АКШ доллары түрүндө пара талап кылып, сумманы алган. Убакыт өткөн соң, жабырлануучу аял чет өлкөлүк паспорт алуу үчүн сот аткаруучуга кайрылганда, ал кайра акча каражатын талап кылган. Кийинчерээк, ал акчанын суммасын азайткан.

Бул окуя боюнча пара талап кылуу беренеси менен кылмыш иши козголуп, талап кылынган акча электрондук капчык аркылуу которулган.

Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

510