7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарандардын ден соолугун тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

512

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда тамеки буюмдарын чегүүгө тыюу салуу киргизилет.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери тамеки чегүү үчүн атайын жайларды бөлүп берүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдууга укуктуу.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде 18 жашка чыга элек балдарга тамеки буюмдарын сатууга мүмкүнчүлүк түзгөн адамдардын жоопкерчилиги каралган, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн көбөйтүү каралган.

513