2-мартта УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну, Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы туулган, С.К.К., криминалдык чөйрөдө «Кузя» деп аталып, ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. «Киши өлтүрүү», “Каракчылык», «Тоноо» (3 жолу), «Алдамчылык», «Уурулук», «Алдоо жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү», «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”, «Максаты жок баңги каражаттарды же психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун анча чоң эмес өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сатуу» беренелери боюнча соттолгон.
С.К.К. криминалдык топторго мүчө болуудан жана уурулардын идеясына кирүүдөн баш тарткан. Үстүбүздөгү жылдын 29-февралынында УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ички иштер органдары менен биргеликте кармалган. Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү С.К. тарабынан сабалгандыгы боюнча ички иштер органдарына ыкчам маалымат келип түшкөн.
Куйручук айылынын тургуну өз кайрылуусунда К.С. физикалык зомбулук көрсөтүү жолу менен аларга тамак-аш жана спирт ичимдиктерин сатып алууну талап кылгандыгын белгилеген. С.А. талаптан баш тарткан учурда, аталган адам арыз ээсинин башына тапанча такап, денесине бир нече жолу урган.
Бул факты боюнча Жумгал РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан маалыматтык эсепке алуу журналына киргизилип, анын алкагында Жумгал РИИБнин жана райондук прокуратуранын кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн. 1-мартта кылмыш иши козголуп, анын алкагында шектүүнүн Куйручук айылындагы жашаган жеринде кароо жүргүзүлгөн.
Үйүн тинтүү иштери учурунда, 15 жана 17 жаштагы эки жашы жете элек кыз, 2006-жылы туулган Талас облусунун Талас шаарынын тургуну жана 2008-жылы туулган тургуну болгон, алар Бишкек шаарынан Куйручук айылына үйүнө конокко келгенин айтышкан, мындан тышкары болжолдуу түрдө «Макарова» системасынын ок атуучу куралы табылып, ал боюнча баллистикалык экспертиза дайындалган.
Жогоруда аталган кыздарга карата Жумгал райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрүн тартуу менен алардын ишмердүүлүгүн активдештирүү жана андан ары жакындарына өткөрүп берүү чаралары көрүлүүдө. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.