7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратуранын кызматкери менен ИИМдин тергөөчүсү пара алып кармалды

660

Пара алып жаткан жеринен прокуратура кызматкери жана ИИМдин тергөөчүсү кармалганын УКМКдан билдирди.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жана Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери тарабынан кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 5-мартта 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Нарын ОИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Нарын облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору М.С. жана Нарын ОИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү Э.Н. козголгон кылмыш иши боюнча арыз ээсинин маселесин оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде көзөмөл органынын кызматкери, ошондой эле ИИМдин кызматкери кармалып, белгиленген мөөнөттө УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө тиешелүү айып тагылып, бөгөт коюу чарасын тандоо маселеси чечилет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

661