7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте айымдардын майрамы белгиленди. Иш-чарага Айгүл Жапарова катышты

611

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өттү. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, ошондой эле өлкөгө эмгек сиңирген ишмерлер, борбор калаанын ар кайсы тармагынан келген активист аялдар катышты.

Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы айымдарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана алдыга койгон максаттарынын ишке ашышын каалады.

«Бүгүн сиздер эң сонун очок сактоочулары болбостон, өз ишиңиздердин профессионалдарысыздар. Анткени, сиздер борборубуздун турмушуна жигердүү катышып, сүйүктүү Бишкек шаарынын өнүгүшүнө салым кошуп жатасыңар. Силердин аркаңарда үйлөрүбүз жайлуулукка жана жылуулукка толуп жатат!”, — деп кошумчалады мэр.

Андан соң майрамдык концерттик программанын алкагында бий жана музыкалык топтор өз өнөрлөрүн тартуулашты.

612