7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайгуул милициясынын кызматкерлери мас айдоочуларды жаап-жашырган

316

Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Текшерүүдө Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында 2023-2024-жылдары Октябрь районунун соту тарабынын ондогон жарандар мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн күнөлүү деп табылып, башкаруу укугунан 1 жылдык мөөнөткө ажыратылгандыгы жөнүндөгү токтомун аткарышпай, жаап-жашырышкандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, жогоруда аталган кызмат адамдары “Унаа” мамлекеттик мекемесинин электрондук сактоо системасында айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулугунун статусуна өзгөртүү киргизбей жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктөрүн алып коюу жүргүзүлбөгөндүгүнүн кесепетинен, бүгүнкү күндө айдоочулук күбөлүктөр укук бузган жарандардын колунда пайдаланылып, алар тарабынан кайрадан ушундай эле жана башка укук бузуулар жасалган.

Аталган факты боюнча Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдарын жүргүзүүлүдө.

 

317