7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрө колдонууга берилди

404

Жалал-Абаддагы Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрөнүн курулушу аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Аталган көпүрө Сузак районундагы Жалал-Абад — Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашкан. Бүгүн анын ачылышына президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Белгилей кетсек, 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна былтыр жаңысын салуу үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат бөлүнгөн. Анын узундугу 72, туурасы 10,5 метрди түзөт.

405