7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда кароосуз калган кыргызстандык үч бала мекенине алынып келди

381

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын укук бузуулардын алдын алуу борборуна Россиядан 3 жашы жете элек бала жеткирилди. Бул тууралуу ведомстводон кабарлады.

Аталган борбор өз ишин ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланышта жүргүзүп, ошондой эле эл аралык уюмдар жана КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары менен кызматташат.

Эл аралык кызматташтык негизинен Россия, Казакстан жана Өзбекстандын Балдар баш калкалоочу жайлары жана балдарды убактылуу кармоо борборлору менен жүргүзүлөт.

Кечээ борборго РФ ИИМинин Новосибирск облусу боюнча башкы башкармалыгынын жашы жете электерди убактылуу кармоо борборунан келишимге ылайык, Ош облусунун Ноокат районунда туулган жашы жете элек 3 бала жеткирилди.

Кайтарылып берилген балдардын үй-бүлөдөгү жашоосу жана тарбия шарттарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, башка мамлекеттин аймагында болуу себептери такталды. Профилактикалык жана тарбиялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин балдар мыйзамдуу өкүлдөрүнө берилет.

382