Чүйдө дайынсыз болуп жаткан Асел Жанарбек кызынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 7-каналга кыздын тууганы билдирди.
Анын айтымында, Аселдин сөөгү Чоң Чүй каналынын жээгинен саат 11:30 чамасында табылган.
«Аман табылат деп үмүттөнүп жүргөнбүз… Бүгүн милиция кызматкерлери менен туугандары суудан жансыз денесин таптык»,- деди байкеси Азиз.
Эскерте кетсек, 2005-жылы туулган Жанарбек кызы Асел 15-февралда саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып барган эмес. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен дайынсыз жоголгон Аселдин күрмөсү, бут кийими жана уюлдук телефону табылган.