Ош шаарындагы облустар аралык ооруканасында 7-мартта үч эм төрөлгөн. Алардын бири кыз, экөө эркек.
Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров үч эмдин энеси Айсана Султановадан кабар алды.
Мэрдин орун басары эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэринин атынан куттуктап, 50 миң сом тапшырды.
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга, Мүрөк, Мөлтүр, Айдар деген ысымдар берилди. Айсана Султанованын үй-бүлөсүндө эми 5 уул, 2 кыз бар.