7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент жана Биринчи айым Ноорузду майрамдоого катышты 

371

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын Борбордук “Ала-Тоо” аянтында Ноорузду майрамдоого катышты.

Иш-чара майрамдын мааниси, табият менен адамдын ортосундагы гармониянын, жаңылануу менен кайра жаралуунун маанилүүлүгү тууралуу театрлаштырылган оюн-зоок менен башталды.

Андан соң Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө көрктөнүп келе жаткан жаратылыш менен баба дыйкандын ажырагыс биримдигин даңазалаган бул майрамдын мааниси бийик, шааниси ыйык экенин белгиледи. Себеби илгертен эле табият менен таттуу мамиледе жашап келген кыргыз эли үчүн жаздын келиши өтө маанилүү болгон.

Президент Кыргызстанда эрте жазга жетпей эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздай турган айдап-себүү иштери башталаарын айтты. Буга байланыштуу дыйканчылыкта түшүмдүүлүктүн башкы өбөлгөсү катары суу менен камсыз кылуу маселесине чоң маани берилип жатат.

Садыр Жапаров өз сөзүндө тарыхты, салтты сактап, билим алууга умтулуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал буга чейин мугалимдердин маянасын көтөрүү менен мектеп имараттарын жаңылоого маани берип келген болсок, мындан ары мектептерди окуу программасы менен окуу китептеринин сапаттуу болушуна өзгөчө басым жасаларын эске салды.

Мамлекет башчысы бул жаркын майрамда бардык кыргызстандыктарга жакшы каалоолорун айтты.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров Биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге баш калаанын борбордук аянтында орнотулган боз үй шаарчасын, “Искусство мектептеринин” жана “Балдар чыгармачылык борборлорунун” жеткинчектери жасаган буюм-тайымдар көргөзмөсүн кыдырып басып, майрамдык сүмөлөктүн даамын татып көрүштү.

Иш-чара концерттик программа менен улантылды.

372