7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвадагы каргашалуу окуяда жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын улуту кыргыз

466

“Крокустагы” теракт учурунда 100дөн ашык адамды куткарып калган Исламдын теги кыргызстандык. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал Ислам менен видеозвонок аркылуу сүйлөштү. Анын атасы Бактияр Сузактан, апасы Айпери Өзгөндөн. 3 бир туугандын эң улуусу.

“Кадимки эле жумуш күн болчу. Биринчи кабаттан бир кызык үндөр чыгып жатты. Алгач эскалатор бузулду же мас адамдар го деп ойлогонбуз. Бирок бир маалда адамдар ызы-чууга түшүп кача баштаганын көрдүк. Шок абалда тура берсем өзүмдүн жана жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйыларын түшүнүп турдум. Топтолуп калган адамдарды көздөй ок чыгарып же граната ыргытабы деп корктум. Бирок эшикти ачканга жетиштим. Баарыбыз тышка чыгып кеттик”, — деди Ислам.

Ата-энеси уулу менен сыймыктанарын белгилешти.

467