Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги тарабынан Москвадагы трагедия болгон күнү «Крокус Сити Холл» имаратында эмгектенген эки кыргыз жаранын издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу ТИМден билдирди.
Элчиликтин кызматкерлери медициналык мекемелерге жана моргдорго барууларды, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле изделип жаткан жарандардын туугандары менен туруктуу байланышта болууда. Мындан тышкары, Кыргыз жараны Шерзодбек Тургунбаев тууралуу маалымат келип түшкөнүнө байланыштуу элчилик ыкчам тартипте туугандары менен байланышка чыккан. Белгилүү болгондой акыркы жылдары аны менен эч кандай байланыш жок.
22-мартта Крокуста иштеген Кыргыз жарандарынан алынган маалыматка ылайык, Тургунбаев аттуу жаран буга чейин кырсык болгон жерде иштеген эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, жаран тирүү экендиги аныкталды. Элчилик Кыргыз жаранынын жүргөн жерлерин тактоодо.
Эскерте кетсек, 22-март күнү кечинде «Пикник» тобунун концертинин алдында бир нече адам куралдан ок чыгарган. Кийинчерээк имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча, 130дан ашуун адам каза болду, жабыркагандардын саны дагы деле көбөйүшү мүмкүн. РФ Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 140тан ашуун адам жаракат алган.
Окуяга байланыштуу 24-март — Россияда бир кундүк улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.