7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми Кыргызстанга келген туристтер камсыздандыруудан өтүшү керек

497

Кыргызстанга келген туристтер медициналык камсыздандыруудан өтүшү керек. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын Кыргызстанга келген туристтердин агымы көп болууда, алар камсыздандыруунун маанилүүлүгүн билип, аны өлкөбүздөн талап кылышууда.

Ал белгилегендей, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаңы механизмдерди иштеп чыккан.

«Эми биз туристтерди милдеттүү түрдө камсыздандырууну талап кыла баштадык. Бизде жайкы эс алуу гана эмес, кышкы туризм да жакшы өнүгүп жатат. Кандайдыр бир окуя болгон учурда мамлекет камсыздандыруу боюнча жардам көрсөтөт», — деди Калдарбеков.

Ошондой эле, компаниянын жетекчиси кыргызстандыктар кандайдыр бир деңгээлде камсыздандыруунун маанилүүлүгүн таануудан баш тартып жатканын билдирди.

«Камсыздандыруу учурдун талабы экенин түшүнүүбүз керек. Бул дүйнөдө көптөн бери колдонулуп келет. Бирок, эч ким өз ыктыяры менен келип, үйүн же унаасын камсыздандырганга шашылбаганы элементардык нерсе, чет өлкөгө чыкканда барыбыз камсыздандырууга чуркайбыз, анткени камсыздандыруусу жок башка өлкөгө киргизишпейт. Ар бир жаран камсыздандыруунун жоопкерчилигин толук түшүнүшү үчүн, биз камсыздандыруу маданиятын өлкөбүзгө бекем киргизишибиз керек», — деди ал.

498