7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакшы окуткан мугалимдер эми 120 миң сомго чейин айлык алышы мүмкүн

1085

Мектептерде жакшы окуткан мугалимдер 120 миң сомго чейин айлык алышы мүмкүн. Бул үчүн быйыл сентябрдан тарта жалпы мугалимдердин билим деңгээлин аныктоо үчүн республикалык тестирлөө өтөрүн билим берүү министри билдирди.

«Ошондо ЖОЖдордун рейтинги чыгат. Кандай окутуп жатканы, кайсы жерде кемчилик болгону аныкталат. Ошого жараша мугалимдердин муктаждыгы чыгат да, биз аларга дүйнөлүк онлайн курстарды беребиз. Экинчиден, окуучулардын билим деңгээлине жараша эмгек акы төлөй баштайбыз. Базалык эмгек акы кала берет, мисалы, ал 20 миң сом болсо, мугалим жакшы натыйжа берсе, 120 миң сомго чейин айлык ала берет. Бул билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө дем берет», — деди Догдуркүл Кендирбаева.

1086