7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мадина» базарынын түштүк тарабындагы кафелер алынды

400

Бишкектеги «Мадина» базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашкана жана бастырмалар ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынтыгында 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.

Мындан тышкары, Абакан көчөсү, 121 дарегинде жайгашкан 52 даана жеңил объекти ыктыярдуу түрдө алынды .

Жеңил объектилер турган жер тилке жашылдандыруу үчүн ижарага берилген, бирок багытсыз пайдаланылып, контейнерлерди сактоо үчүн колдонулуп келген. Жер тилкеде аныкталган мыйзам бузуулар боюнча башкармалык тарабынан текшерүү актысы түзүлгөн.

Белгилей кетсек, буздуруу иштери Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын доо катынын негизинде ишке ашты. Буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты бошотуу боюнча эскертүү берилген.

 

401