7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Матраимовдор боюнча УКМК маалымат берди

482

25-мартта УКМК Азербайжан Республикасынын атайын кызматтары менен биргеликте Баку шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду кармаган.

Учурда Райымбек Матраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.
Бир тууган Матраимовдордун кармалышы боюнча интернет жана социалдык тармактардын кыргыз сегментинде деструктивдүү адамдар жана фейк аккаунттар тарабынан алардын кылмыштуу ишин актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтуу фактылары байкалууда. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн имиджине, прогрессивдүү өнүгүшүнө жана туруктуулугуна коркунуч алып келет.

Мындан улам, УКМК интернет тармагынын колдонуучуларын бул факт боюнча чагымчыл инсинуацияларды жайылтуудан алыс болууга чакырат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келиши мүмкүн болгон аракеттер үчүн кылмыш жана башка жоопкерчиликтер каралганын эскертет!

483