7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 25 миңге жакын коммерциялык эмес уюмдар бар. Эми алардын тартиби жана жобосу иштелип чыгат

365

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк булактардан – чет өлкөлүк мамлекеттерден каржылануучу, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо алар ыйгарым укук берген жактардан акча каражаттарын жана көрсөтүлгөн булактардан (мамлекеттин катышуусу бар ачык акционердик коомдорду жана алардын туунду коомдорун кошпогондо) башка мүлктөрдү алуучу уюмдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган.
Мыйзам менен коммерциялык эмес уюмдун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга ылайык келишин контролдоо максатында Мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын төмөнкүдөй ыйгарым укуктары каралат:

– коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескөө документтерин суратууга;
– мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык уюмдардан коммерциялык эмес уюмдардын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты суратууга жана алууга;
– коммерциялык эмес уюм өткөрүүчү иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө;
– ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте коммерциялык эмес уюмдун ишинин, анын ичинде акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү пайдалануу боюнча ишинин анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга шайкештигине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө.

366