7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакытбек Жумагулов: Коррупция менен күрөшүүдө саясий эрк пайда болду

498

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов: Президент Акаевдин мезгилинен тартып, кыргыз-кытай чек арасынан өткөн сооданын статистикасы ар башка болуп келген, Кытайдыкы – бир, Кыргызстандыкы – такыр башка. Эсеп методикасы ар башка деген идеяга жамынып алып, бажыны башкаргандар баарыбызды алдап, эл менен мамлекеттин эсебинен байыган.

Азыр мамлекеттик бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрү 100 миллиард сомдон ашык өлчөмдөн өйдө көтөрүлдү, муну бардык эксперттер да, карапайым жарандар дагы түшүнүп, колдоого гана алыш керек. Бажы кызматын мурда башкаргандар мурда эле азыркыдай иштегенде, канча кошумча каражат топтолуп, орто жана чакан бизнеске колдоо жогорулап, миңдеген кыргыз жаштары чет өлкөгө мигрант болуп кетпестен, мекенинде эмгектенип, дагы канча ийгилик жаратмак…

499