Москвада Крокус сити холлдо болгон терактта жүздөн ашык адамды куткарып калган кыргызстандык Исламга Кыргызстандын Улуттук курама команданын оюнчуларынын кол тамгалары түшүрүлгөн футболка тапшырылды.
«Футболканы тапшыруу идеясын курама команданын капитаны Валерий Кичин сунуштаган. Капитан жакында эле Ислам менен телефон аркылуу маектешип, анын кылган эрдиги үчүн жалпы команданын атынан ыраазычылык билдирди», — деп берилет маалыматта.