7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сөөгүн ашканада 9 күн кармаган. Жети-Өгүздө чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

621

Ысык-Көл облусунда чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жети-Өгүз райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшүп, анда Кызыл-Суу айылынын көчөлөрүнүн биринде, таштанды жайынын жанында болжол менен 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылгандыгы кабарланган.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон адамдын өздүгүн аныкташкан. Соттук-медициналык экспертизанын кортундусу боюнча 37 жаштагы Т.К. аттуу келин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү далилденген.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип ошол эле айылдын 52 жаштагы. А.Б. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү каза болгон аял менен чогуу жашап келгенин, ошол күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыгып, аялды башка балка менен уруп, мойнун толгоп өлтүргөнүн айткан. Ал ошондой эле сөөктү ашканасында тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды жайындагы бактын жанына таштап салганын билдирген.

Жети-Өгүз райондук сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камака алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

622