7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Ноокат РИИБнин тергөөчүсү 40 миң сом пара менен кармалды

348

УКМК: Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны К.Х.Т.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Аталган К.Х.Т. жабырлануучунун жеке-ачык айыптоосун колдоодон баш тарткандыгы тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан бейбаштык боюнча материалдар боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 000 сом өлчөмүндө пара талап кылган.
2024-жылдын 28-мартында УКМК кызматкерлери тарабынан КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ноокат районунун имаратынын жанында 40 000 сом пара алып жаткан жеринен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны К.Х.Т. кармалды.
Окуя болгон жерди кароонун натыйжасында, кармалган жарандын унаасынын кыймылдаткыч бөлүгүнүн салонунан пара катары арыз ээси тарабынан берилген 40 миң сом акча каражаты чүпүрөккө оролгон абалда табылган.
Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кармалган К.Х.Т. Ош шаардык сотунун чечими менен 2024-жылдын 27-майына чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

349