7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук коопсуздук органынын ардагери Шаимбек Намазовду 95 жылдык мааракеси менен куттукташты

584

12-апрелде УКМКнын төрагасы генерал – лейтенант К.Ташиевдин атынан, УКМКнын төрагасынын орун басары Т.М. Шабданбеков Улуттук коопсуздук органынын ардагери- Намазов Шаимбек Намазовичти 95 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Шабданбеков Ш.Н.Намазовго бекем ден-соолук каалап, акча каражатын тапшырды. Аны менен катар, ардагерди жана анын үй-бүлөсүн куттуктап УКМКнын ардагерлер кеңешинин төрагасы З.Ж.Чолпонбаев, УКМКнын аскердик-медициналык кызматынын башчысы Н.К.Жанакеева, КР профсоюздар Федерациясынын орун басарлары С.А.Боенов жана О.А. Шаршеналиев барды.

Маалымат үчүн: Намазов Шайымбек Намазович, 1929-жылы 12-апрелде Ысык-Көл облусунун Чиркей айылында туулган. Мектепти артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин медициналык университетке тапшырып, бирок 2-курста Беларусь ССРинин Могилев шаарындагы КМК мектебине тапшырууну туура көргөн. Бул мектепти аяктагандан кийин Бадахшан провинциясына (Тажикстандын түштүк-чыгышында жайгашкан тарыхый Памир облусу) кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Андан соң, Москва шаарында СССР КМКсынын Ф.Е.Дзержинский атындагы жогорку мектебинде 4-жыл окуусун уланткан.

КМКнын жогорку мектебин аяктагандан кийин Кыргыз ССР КМКсынын Борбордук аппаратында, Нарын, Ысык-Көл башкармалыктарында ар кандай кызматтарда иштеп, бирок ден соолугунун начарлашына байланыштуу 1973-жылы пенсияга чыгууга аргасыз болгон.

 

 

585