7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү! Бүгүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт

2612

Бүгүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-мартында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-марттарда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, 15-17-марттарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
2021-жылдын 15-мартында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш унаа жолунун 165-180-чакырымдарында (Талдык жана Катын-Арт ашуулары), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2613