Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ыалйык, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-март күнү саат 10:17де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Тоң районунун Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 3,5 балл, Төрт-Күл, Кажы-Сай, Тоң, Көк-Сай, Эшперов, Тогуз-Булак айылдарында 3 балл, Коңур-Өлөң, Ак-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.