7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин вице-мэри Сазыкулов кармалганын атайын кызмат тастыктады

510

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мурда Бишкек шаарынын администрацияларынын биринин жетекчиси болуп турган Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектине негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

Тактап айтканда, шаардын ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак ниетсиз ишкердик субъектине бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң АКШ долларын түзөт.

Аны менен катар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары тарабынан аянты 300 чарчы метр болгон бул коммерциялык объектти эч кандай уруксат берүүчү документтери жок куруу фактысы аныкталган. Ошонун негизинде объект белгиленген тартипте бузулууга тийиш болгон. Вице-мэр өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп, бул процессти ар тараптан токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды жараткан. Натыйжада, мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес.

Буга чейин борбор калаанын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн курулган объектинин ордунда сейил бак жашылдандырылган. Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да Сазыкулов тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө да коррупциялык факты аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган.

Аталган факты боюнча өзүнчө иш жүргүзүлүп, текшерүү иш-чаралары уюштурулуп, керектүү экспертизалар дайындалды. УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри С.М.Ш. жана ишкер Т.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан аталган иштин бардык жагдайларын, жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Максатбек Сазыкулов 2023-жылдын октябрь айынан тарта шаардын вице-мэри болуп иштеп жаткан. Ал транспорт жана курулуш иштерин көзөмөлдөгөн.

511