7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер ресурстар кызматынын филиалынын жетекчиси жер мафиясына кошулуп кеткен

613

Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровск жана Люксембург айыл аймактарынын аймагындагы 11 гектар жер тилкелерине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу үчүн соттун чечимдерин бурмалоо, мамлекеттик органдардын ишин жасалмалоо фактылары аныкталды.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси, ошондой эле жер мафиясынын уюштуруучулары кармалып, алар Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыга катыштыгы бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

614