Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокурордун 2023-жылы Кыргызстанда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчётун угууда.
Жыйында баяндама жасаган Башкы прокурор Курманкул Зулушев белгилегендей, 2023-жылы мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө максатында 7 922 текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 19 160 мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Муну менен катар мыйзам бузууларды жоюу боюнча 9370 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, 5242 кызмат адамдары дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.
Курманкул Зулушев жер мыйзамдары, шаар куруу жана архитектура, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, балдарга карата зордук-зомбулукка басым жасалып жатканын айтты. Анын айтымында, Башкы прокуратура жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 2 миң гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берди.
Башкы прокурор ошондой эле Башкы прокуратуранын жана прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзам бузууларды жоюу жана жашы жете электердин жана аялдардын укуктарын калыбына келтирүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо багытында жүргүзүп жаткан иштерине токтолду. Анын айтымында, 2023-жылы балдарга каршы кылмыштар боюнча 1832 кылмыш иши козголуп, анын 1086сы сотко жөнөтүлгөн, 465 кылмыш иши кыскартылган болсо, 200 кылмыш иши токтотулган, 75 иш тергөө стадиясында турат.
Жыйын «суроо-жооп» форматында уланууда.