Ош облусунун Алай районундагы базар баасы 65 миллион 350 миң сомду түзгөн борбордук автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Гүлчө айыл аймагында жайгашкан, мурда «Гүлша-автобекети» мамлекеттик акционердик коомуна таандык болгон борбордук автобекет өз убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «Гүлша-Автобекети» мамлекеттик акционердик коомунун жооптуу адамдары, өздөрү тиешелүү болгон мамлекеттик ишкананын акцияларынын 70% ын, жалпы аянты 0,42 гектарга жакын жер тилкесин жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имаратын сатып жиберген. Ушул эле адамдар аталган аймактын кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, 2015-жылы укук белгилөөчү документтерди алышкан. Автобекет учурда коомдук базар катары иштеп, соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн ай сайын 500 миң сомго жакын киреше жеке чөнтөккө түшүп турган.
Мындай фактор объекттин максаттуу багытына түзмө-түз карама-каршы келип, калктын жана такси айдоочуларынын терс мамилесин пайда кылган. Алар автобекеттин жоктугунан Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын ар кайсыл көчөлөрүндө автостанциялардын башаламан түйүндөрүн уюштурууга аргасыз болгон.
Натыйжада 0,42 гектар жер тилкеси менен борбордук автобекет жана 135,0 чарчы метрди түзгөн административдик имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.
Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.