CGTN жана Кытайдын Улуттук маданий мурас башкармалыгы 17-апрелден 20-апрелге чейин Кытайдын Мааньшан шаарында Улуттук археологиялык эстеликтер паркынын бирикмесинин 13-биргелешкен конференциясын жана 5-Улуттук археологиялык эстеликтер паркынын искусство жумалыгын өткөрөт.
Ачылыш аземинде жарыяланган отчетко караганда өлкөдө 55 улуттук археологиялык парк бар. 2023-жылы 67 миллион зыяратчы келген, бул өткөн жылга караганда 135 пайызга көп. Коноктордун 57 пайыздан ашыгы бекер кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Маданий эстеликтерди коргоо институтунун директорунун орун басары Ан Лэй улуттук археологиялык парктар өлкөнүн маданий байлыгын бүткүл дүйнөгө көрсөтүү максатында түзүлгөнүн белгиледи.
«Бир жагынан археологиялык парктар адистер үчүн кылдат жана үзгүлтүксүз изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзсө, экинчи жагынан табылгалар коомчулукка жана бүткүл дүйнөгө канчалык байыркы жана ошол эле учурда азыркы Кытай экенин көрсөтө алат.
Бүгүн Кытайда ачылган Улуттук парктар бирикмесинин конференциясы археологиялык эстеликтерди сактоо маселесине мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бурууга багытталган өзгөчө иш-чара болуп саналат. Ал Аньхой провинциясынын Ханьшань шаарында болуп жатканы символикалык мааниге ээ. Ал жерде казуу иштеринин жүрүшүндө 5800-5300 жыл мурун кытай цивилизациясы болгондугун ырастаган далилдер табылган. Конференцияга бир гана тарыхчылар эмес, ар кайсы өлкөлөрдөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышты. ЖМК маалымат алмашууну күчөтүү жана маданий темаларды чагылдырууну көбөйтүү боюнча макулдашышты», — деди Ан Лэй.
20-апрелде конференциянын алкагында CGTN чет элдик медиа өкүлдөрү менен биргеликте семинар өткөрөт. Ага Орусия, Кыргызстан, Азербайжан, Египет, Монголия, Малайзия сыяктуу өлкөлөрдөн катышат.