Ош облусунун аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Куткаруучулар Ылай-Талаа айыл аймагынын Кара-Кочкор айылына тазалоо иштерине чыгышты. Ошондой эле, Ак-Кыя, Кызыл-Дыйкан, Мырза-Арык айылына жана Тилек-Теш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылына жөнөтүлдү.
Мындан сырткары жабыркаган ички чарбалык жолдорду тазалоо иштерине ӨКМден 1 экскаватор жана 1 самосвал, айыл өкмөттөн 1 жүктөгүч 1 самосвал, Суу чарба башкармалыгынан 1 самосвал тартылып, иш алып барууда.