Өлкөдө 2 миллион 777 миң 340 адамдын айдоочулук күбөлүгү бар. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, транспорт башкарган аялдардын саны жыл санап өсүүдө. Айдоочулардын 84,1 пайызын эркектер түзсө, калган 15,89 пайыздагы айдоочулук күбөлүктү айымдар алган. Мисалы, 2023-жылы 25 миң 368 айым айдоочулук күбөлүк алса, 2024-жылдын 1-январынан 24-апрелине чейин 7 миң 777 айым сынактан өтүп, айдоо укугуна ээ болду.