7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Тоо» санаторийи Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өттү

690

Медицина кызматкерлеринин сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо максатында «Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул кадам өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды. «Дарыгерлердин, медайымдардын жана санитардык кызматкерлердин физикалык жана психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, өзгөчө пандемиядан кийин, мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Жеке өзүмдүн атымдан, ошондой эле республика боюнча 80 миңге жакын медициналык кызматкерлердин атынан президент Садыр Жапаровго медицина кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана алардын иштөө шартын жакшыртууга болгон аракети үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», — деп кошумчалады министр.

 

691