7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта темир-бетон буюмдар заводу курулууда

666

Талас облусунда темир-бетон буюмдар заводу курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Завод Талас районуна караштуу Манас айылында курулууда. Ал үчүн Талас райондук өнүктүрүү фондусунан 13,5 млн сомдук долбоор жактырылып, акча каражаты бөлүнүп берилген. Темир-бетон буюмдар заводу ийгиликтүү ишке берилсе, андан Г-12, Г-15, ЛР- 40, ЛР-60 бетон латокторун чыгаруу пландалууда.

Аталган темир-бетон буюмдар заводунун тийиштүү архитектуралык керектелүүчү иш кагаздары Талас районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган.

Бүгүнкү күнгө карата темир-бетон буюмдар заводунун курулуш иштери аяктоо алдында турат.

 

667