Бүгүн облустардын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +21…+26, Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +17…+22 градус жылуу болору айтылды.
Бишкекте +23…+25, Ошто +25…+27 градуска жетет.