7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда К.Батыровго берилген жердеги базар мамлекеттин менчигине алынды

478

Жалал-Абад шаарындагы К.Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болгон борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Баасы 412 млн 111 миң сомду түзгөн «Шабдалы-Зар» соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине алынды.

Бул соода-базар комплекси жайгашкан жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик администрациясынын (мэрия) буйругуна ылайык, 1994-жылы «Дустлик» ААК менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген. Ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери Батыровго таандык болгон.

Жер кодексине (1994-жылдын редакциясына) ылайык, шаардык мамлекеттик администрациянын мамлекеттик жер тилкелерин бөлүп берүүгө (сатууга) укугу жок болгон, анткени мындай укукка Эл депутаттарынын шаардык совети (шаардык кеңеш) ээ болгон.

Жер тилкеси Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу КР жарандары менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн.

Аталган аймак бир нече жылдар бою соода базары катары колдонулган. Учурда «Шабдалы-Зар» соода-базар комплексин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат.

 

479