7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жолдор оңдолуп жаткандыктан тыгын болууда

536

Жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан шаарыбызда жол тыгындары пайда болууда. Жарандарыбызды туура түшүнүүгө чакырабыз. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы убакта Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жол жумуштары жүргүзүлүүдө. «Бишкекжылуулукборбор» муниципалдык мекемеси тарабынан магистраль түтүктөрүн алмаштыруу жумуштары жүргүлүп жаткандыгына байланыштуу Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки жол тилкесинде жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилген. ИИМ ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жерине чыгуу менен комиссиялык кароо жүргүзүлүп, жол тыгындарын азайтуу максатында тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын аймагында Кокчетавская, Ахунбаев, Конорчок, Исанов көчөлөрүнүн, Эркиндик бульварынын жол тилкелеринде жол жумуштары жүргүзүлүп, убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилген.

«Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаабыздын коноктору, убактылуу жабылган жол тилкелерине алдын ала альтернативдүү маршруттарды тандооңузду сунуштайбыз», — дешти башкармалыктан.

537