7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гилас бышкан мезгил. Анын пайдалуулугун билесизби?

522

Май айынын алгачкы жумалары гилас быша баштаган мезгил болуп саналат. Бадырайган кыпкызыл гиластар көздү кызартып, шилекейти чуурутат.  Бул мөмөнүн адамга кандай пайдасы бар? Анын суткалык нормасы жана аны чиритпей сактоонун жолу тууралуу дарыгер-диетолог айтып берди.

«Гилас ден соолукка абдан пайдалуу. С жана B витаминдери, калий, тамак-аш буласы бар. Чоң кишилер күнүнө 200-300 граммдан жесе болот. Бул суткалык орточо норма. Айрымдарга өтө жаккандыктан аны ашыкча жеп алышат. Көп жесе, албетте, башка таттуу жемиштердей эле салмак кошууга алып келет. Мындан сырткары, ич өтүп, көөп, тамак сиңирүү органдарында ыңгайсыздыкты жаратат», — дейт дарыгер. 

Адис гиласты бир нече күн муздаткычка сактаса болорун, бирок башка жемиштердей узакка турбагандыктан карарып кетерин эскертти.

Жарылган жана так түшкөн гиласты албаңыз

Гилас шабдаалы сыяктуу мөмөлөрдүн түркүмүнө кирет. Бирок карарган же так түшкөн жери болсо эле аны даамдуу деп эсептегенге болбойт. Испаниялык адистер так көп түшкөн, жарылып кеткен мөмөнү алуу туура эмес деп эсептейт. Себеби, гилас бат бузулган мөмө болгондуктан, бузулгандан улам да жарылып кетиши мүмкүн. Дагы бир эске алуучу жагдай, гиластын сабагы жок болсо, өзөгүн кароо зарыл. Сабак үзүлгөн жерге (өзөккө) так түшүп калса, анда ал мөмө жарым сааттан кийин бузулуп кетет. Эгер гиластын сабагы болсо, анда анын өңү жашылын тандаңыз. Эгер гиластын сабагы саргайып же карарып баштаган болсо, анда көпкө туруп калган же дартка чалдыккан дарактан үзүлгөн.

Өңү менен даамынын айырмасы

Гиластын өңү сортуна жараша кызыл, кара кочкул, кочкул, сары болот. Бирок бир гана кара кочкул болгону даамдуу деген түшүнүк туура эмес. Болгону кызыл өң мөмөгө антоциан затын бергендиктен, эң жакшы антиоксидант болуп саналат. Ошондой эле кальций, темир жана калийге бай болот. Даамы эрте бышкан жана кеч бышканы менен айырмаланат. Канчалык кеч бышса, ошончолук даамдуу болот. Ал эми базардан тандаган учурда сырты жылтырап турганын алыңыз. Өңү бозомук тартып калганы көпкө туруп калган мөмө болот.

Гиластын көлөмүнө карап тандоо

Гилас канчалык ири болсо, ошончолук даамдуу деген түшүнүк туура эмес. Ошого карабастан дүйнөдө баары бир ири гиласка талап жогору. Гиластын мөмөсүнүн көлөмдүү болушу аны сугарууга байланыштуу. Канчалык көп сугарылса, ошончолук көлөмдүү болот. Бирок, ченеминен ашыкча сугарылган гиластын даамы бузулуп калышы да мүмкүн. Ошол эле учурда тоо суусуна сугарылган гиластын мөмөсү даамдуу болот.

Гиласты жышып жууган туура эмес

Жогоруда эксперт белгилеп өткөндөй, гиластын кабыгы жука болот. Ал эми кабыгы айрылган мөмөгө суу тийгенде бат бузулат. Азыркы дүйнөлүк стандартка ылайык, гилас дарактарына зыяндуу заттарды чачып азыктандыруу дээрлик жокко чыккан. Мындан улам, гиласты жышып жууганга зарылчылык жок. Эксперт гиласты сууга салып бир аз тыныктыруу же шар аккан сууга чайкоо жетиштүү деп эсептейт. Ошондой эле гиласты дасторконго коёрдо гана жууган туура. Бир канча саат мурун жууп, даярдап коюуга болбойт.

 Гиласты муздаткычта сактаңыз

Гиласты көпкө сактоого болбойт. Бирок сиз көп сатып алган болсоңуз, анда ашыгын жуубай туруп, муздаткычка салыңыз. Эгер гиласты жууп же суу тийгизип муздаткычка салсаңыз, бузулуп кетет. Ал эми гиласты кышкыга тоңдуруп коем десеңиз, анда аны жууп, кайра кургатып, пластик контейнерге бири-бирине жабыштырбай салыңыз. Тоңдурулган мөмөнү балмуздак, смузи, компот же пирог даярдоодо колдонсоңуз болот.

 

 

523