7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады

422

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин 15-16-майда Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары аяктады.

15-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул күнү сүйлөшүүлөр кеңейтилген форматта өттү. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өз ара аракеттешүү чараларын талкуулашты.

Садыр Жапаров Анвар Ибрагимдин сапары Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтык жана достук тарыхында жаркын из калтырат деген ишенимин билдирди. Өз кезегинде премьер-министр Анвар Ибрагим өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим «Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө» кол коюп, эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты.

16-майда Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы этномаданий программа менен таанышты.

423