7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнчү! Баткенде үч эм төрөлдү

244

Баткенде үч эм кыздар төрөлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирет.

Ымыркайлар 15-майда жарыкка келген. Алардын жана апасынын абалы жакшы. Үч эмдин атасы Жаңыбай Урайым уулу Кадамжай райондук милициясынын “Жаныкул Садиров” атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү болуп эмгектенет.

Милициянын кенже лейтенанты, 33 жаштагы Жаңыбай Урайым уулу ички иштер органдарында 2016-жылдан бери кызмат өтөп келет. Жубайы Айзирек Маликова 28 жашта, кесиби журналист.

245