7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлери кайтарылат

384

Бишкектеги автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлерин мамлекетке кайтаруу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул иштер президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

«Садыр Нуркожоевичтин демилгеси менен автобекеттер шаардын сыртына чыгарылат. Бул демилге калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү жана тыгындарды азайтуу максатында ишке ашырылууда. Автобекеттердин айрым жерлери жеке тараптарга менчикке берилип, ал эми имараттары ремонттолбой эскирип баштаган. Өлкө жетекчилеринин колдоосу менен эски автобекеттер толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат», — деп жазды ал.

385