7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ Бишкекте болгон түндөгү окуя боюнча үн катты

559

18-майга караган түнү Бишкек шаарында чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуяга байланыштуу Министрлик төмөнкүнү билдирет.

Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан окуяга катышкан адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн.

Кырдаал толугу менен күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болуп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз кылынган.

Окуяга катышкандардын арасында оор жаракат алгандар жок. 15ке жакын жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган.

Жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес.

Ошону менен бирге, Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жалган жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат.

560