7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолукту

535

Бүгүн УКМКнын төрагасы – Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев 24-майда Бангкокто (Таиланд) өтө турчу лицензиялык олимпиадалык турнирге катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушуу өткөрдү.

Белгилей кетсек, аталган турнирге республикабыздын атынан 6 спортчу катышат.

Ташиев улуттук курама командага олимпиадага лицензия алууда ийгиликтерди каалап, ар бир кыргызстандык спортчуда мекенге болгон сүйүү күчтүү болсо, талыкпай эмгектенип, тынымсыз аракет кылса, сөзсүз ийгиликти багындыра тургандыгын белгиледи. Ошондой эле, төрага спортчуларды өжөр жана тайманбас болууга чакырып, өлкө жетекчилиги да аларга өзгөчө көңүл буруп, жыйынтыктарга жетишүүсү үчүн ар тараптуу шарттарды түзүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде спортчулар жана машыктыруучулар өлкө президентине жана Улуттук бокс федерациясынын вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да өлкөнүн желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарга ээ болуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайбыз деп убада беришти.

536